Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-декабры № 736
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы өз актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтом тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттеринин жана штаттык сандарынын алкагында ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |