Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 10 - сессиясынын
2022-жылдын 30-апрели № 8
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн имаратынын батыш тарабында, Базар-Арык менен Амир-Темур атындагы орто мектептин стадионун арасында жайгашкан муниципалдык менчик эсебиндеги 1950 чарчы метр жер аянтына айыл өкмөтүнүнун муниципалдык менчигиндеги спорт комплексин курууго макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын айыл жаштары тарабынан көтөрүлгөн демилгени канааттандыруу максатында, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн имаратынын батыш тарабында, Базар-Арык менен Амир-Темур атындагы орто мектептин стадионунун арасында жайгашкан, муниципалдык менчик эсебиндеги 1950 чарчы метр жер аянтына, айыл өкмөтүнүнүн муниципалдык менчигиндеги спорт комплексин курууго макулдук сурашкан, Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-маарекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар” боюнча туруктуу комиссиясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 20-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн имаратынын батыш тарабында, Базар-Арык менен Амир-Темур атындагы орто мектептин стадиону арасында жайгашкан муниципалдык менчик эсебиндеги 1950 чарчы метр жер аянтына, айыл өкмөтүнүнун муниципалдык менчигиндеги спорт комплексин курууго макулдук берилсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн, муниципалдык менчигиндеги спорт комплексин куруу үчүн керектөлүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы жана ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча жана “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-маракелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагаларына милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |