Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ II–СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5- декабрь айы №1
Балыкчы шаарындагы батыш өнөр жай зонасында жайгашкан жалпы аянты 8га жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө.
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине жетекчиликке алып, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №01-12/862 кайрылуусун жана шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарындагы идентификациялык коду: 2-04-04-0010-1179 жана идентификациялык коду: 2-04-04-0005-1253, жалпы аянты 8га жер тилкесин муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:
- аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
1.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр жай, транспорт жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев