КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 4/4
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын №350 жарлыгын ишке ашыруу максатында. Жалал-Абад областына караштуу Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө башка айыл өкмөттү кошбой, мурдагы ордунда жана ошондой эле Кош-Дөбө айыл өкмөтү деген аталыш маселеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын №350 жарлыгын ишке ашыруу максатында Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 4- сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Аксы районунун аймактарды бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
2 Кош-Дөбө айыл аймагына башка айыл аймактары кошулбай, өзүнчө Кош-Дөбө айыл өкмөтү деген аталышта калтырылсын.
3 Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Мавлянов айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Ч.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.Карабаев. |