Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 76
“Күлдү” орто мектебинин айыл менен чектешкен жагын тосууга каражат кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. “Күлдү” орто мектебинин Кудук айылы менен чектешкен жагында селдин кесепетинен бузулган тосмосун оңдоп-түзөө иштерине айыл өкмөттүн бюджетинен 143 000(бир жүз кырк үч миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |