Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 6-декабры № 783-т
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин, уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун кызматкерлери жеке, жалпы биргелешкен, үлүштүк менчик укугунда же башка укукта аларга таандык болгон өздөрүнүн турак жайларын (үйлөрүн, батирлерин) 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунда (мындан ары - "МКУ" ААК) камсыздандырсын.
2. Уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 пайызынан азы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун, жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын кызматкерлерине жеке, жалпы биргелешкен, үлүштүк менчик укугунда же башка укукта аларга таандык болгон өздөрүнүн турак жайларын (үйлөрүн, батирлерин) 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө "МКУ" ААКта камсыздандыруу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелесин:
1) "МКУ" ААКта турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө камсыздандыруу полисин милдеттүү түрдө алууну караган:
- турак жайды коммуникацияларга кошууда (электр энергиясы, газ, суу түтүгү, жылытуу, канализация);
- маалымкаттарды алуу үчүн кайрылууда (жашаган жеринен, үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө ж.б.);
- Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана турган жери боюнча каттоодо жана каттоо эсебинен чыгарууда;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын, шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын контролдоону милдеттендирүүчү;
3) турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу маселесин жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине киргизүүнү караган;
4) турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча электрондук камсыздандыруу полистерин тариздөөнү жана берүүнү караган;
5) турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу тартибин жана камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү тартибин жөнөкөйлөштүрүүчү.
4. Мамлекеттик телерадиокомпаниялар, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы "МКУ" ААК менен биргеликте турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун артыкчылыктарын түшүндүрүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзсүн.
5. Уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон мобилдик байланыш операторлоруна жарандарга "МКУ" ААКта турак жайларды камсыздандыруу зарылдыгы жөнүндө СМС-билдирүүлөрдү акысыз негизде жөнөтүү боюнча көмөк көрсөтүү сунушталсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |