Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 81
Ак-Кыя айылындагы айыл өкмөттүн балансында турган Молдо Нияз акындын музей-комплексин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин балансына өткөрүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап, Муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктү сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасыны “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-11-19-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы 8-02-10-1001-2401 идентификациялык коду менен катталган, 2200,0 ч.м. болгон жер аянтта жайгашкан Молдо Нияз акындын музей-комплексин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Иш кагаздарын даярдап, музей-комплексти Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин балансына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |