Редакцияот 19.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIX СЕССИЯСЫНЫН

 

2024-жылдын 30-августундагы №  210

 

Айыл аймактын “Ардактуу инсаны” наамдарын ыйгаруу  жөнүндө

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы И.Жээнтаевдин жана укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият  боюнча туруктуу комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Айыл айммктын Кара-Шаар жана Шор-Булак айылдарында өткөн жыйналыштардын протоколдорунун негизинде Улахол айыл аймагынын жергиликтүү жааматтардын уставына ылайык айыл аймактын социалдык экономикалык маданий жактан өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн:

Шор-Булак айылынан - Алагозов Усейге;

Кара-Шаар айылынан -  Исагалиев Мирлан Исагалиевичке

 «Айыл аймактын ардактуу инсаны» наамы ыйгарылсын.

 

2.     Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №210 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл Өкмөтүнүн  башчысынын орун басары-жооптуу катчы И.Жээнтаевге  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага        А.Жолалиев

 

Катчы                               Д.Чыныбаева