ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 84
Орозбеков айылындагы Үй бүлөлүк дарыгерлер борборун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча дем берүүчү(үлүштүк) грантка даярдалаган долбоорду колдоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап, айыл өкмөттүн ивестиция жана сатып алуулар боюнча башкы Д. Сатыбалдыевдин баяндамасын угуп, Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- 2025-жылга карата жалпы сметасы 3 617 653 (үч миллион үч алты жүз он жети миң алты жүз элүү үч) сом болгон Орозбеков айылындагы Үй бүлөлүк дарыгерлер борборун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүбоюнча КР Фининсы Министрлиги тарабынан каржылануучу дем берүүчү(үлүштүк) грантка даярдалган долбоорду колдоо максатында айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинен өздүк салым катары 750 000 (жети жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевга милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.