Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 85
Кара-Шоро башталгыч мектебине ашкана курууга Кадамжай өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап, айыл өкмөттүн ивестиция жана сатып алуулар боюнча башкы Д. Сатыбалдыевдин баяндамасын угуп, Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Сметалык баасы 2 594 504(эки миллион беш жүз токсон төрт миң беш жүз төрт) сом болгон Кара-Шоро башталгыч мектебине ашкана курууга Кадамжай өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду колдоо максатында Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым катары 1 929 516 (бир миллион тогуз жүз жыйырма тогуз миң беш жүз он алты сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |