Загрузка документа…
Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана "Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгү күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-декабры № 741
Адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "адал" стандарттарына шайкештигин сертификаттоо, маркалоо системасын жүргүзүүнүн, ишке ашыруунун жана аны өлкөлөр арасында өз ара таануунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана "Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгү күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |