Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 33
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн 2024-жылдын 6 айында аткарылышы жана бюджетке өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын 6 айында кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышы бекитилсин.
2. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын 6 ай ичинде кирешелер бөлүгүнүн бекитилген пландан ашыкча түшүүсү, Республикалык бюджеттен берилген максаттуу трансферттер жана чыгашалар бөлүгүнүн үнөмдөлгөн каражаттары эсебинен, ошондой эле админстративдик территориялык реформага чейинки Алга айыл өкмөтүнүн кирешелеринин 1-январь 2024-жылга карата калган калдыгы эсебинен Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жыл бюджетине өзгөртүүлөр киргизилсин. (Тиркеме №1,2,3,4,5)
3. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|