Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 741 токтомуна) |
Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "адал" стандарттарына шайкештигин сертификаттоо, маркалоо системасын жүргүзүүнүн, ишке ашыруунун жана аны өлкөлөр арасында өз ара таануунун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "адал" стандарттарына шайкештигин сертификаттоо, маркалоо системасын жүргүзүүнүн, ишке ашыруунун жана аны өлкөлөр арасында өз ара таануунун тартиби (мындан ары - Тартип) "адал" продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жана маркалоо чөйрөсүндөгү укуктук негиздерди, ошондой эле аны өлкөлөр ортосунда өз ара таануунун жол-жоболорун белгилейт.
2. Ыйгарым укуктуу органдардын, сертификаттоо боюнча органдардын жана адал индустрия чөйрөсүндөгү жүгүртүүнүн катышуучуларынын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын адал индустриясы чөйрөсүндөгү мамлекеттик порталы (мындан ары - Мамлекеттик портал) аркылуу жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик порталды жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
4. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр:
1) Кыргыз Республикасынын адал индустриясы чөйрөсүндөгү мамлекеттик порталы - сертификатталган адал продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү көзөмөлдөөнү эсепке алуунун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы;
2) өтүнмө ээси - "адал" шайкештик сертификатын жана маркалоонун QR-кодун алууга өтүнмөнү жиберген адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучусу;
3) маркалоо - бул "адал" шайкештик сертификатына, продукциянын таңгагына же материалдарына уникалдуу эки өлчөмдүү штрих-кодду (QR-код) түшүрүү процесси, алар жөнүндө так маалыматтар Мамлекеттик порталда да камтылган;
4) сертификаттоо боюнча органдар - адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары - резиденттери;
5) регламент - Мамлекеттик порталдын алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген "адал" шайкештик сертификатын тариздөөдө - ыйгарым укуктуу органдардын, сертификаттоо боюнча органдардын жана адал индустрия чөйрөсүндөгү жүгүртүүнүн катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө документ;
6) адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарт - стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынган стандарт;
7) адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо - шайкештикти ырастоонун формасы, анын жүрүшүндө сертификаттоо боюнча аккредитацияланган орган адал продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын жоболоруна шайкеш экендигин документ түрүндө күбөлөндүрөт;
8) "адал" шайкештик сертификаты - Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен макулдашуу боюнча сертификаттоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан берилүүчү, адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына шайкештигин тастыктоочу документ;
9) адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик мекеме;
10) адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары - адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчү, экспорттоочу, сатуучу же импорттоочу катары Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишти жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар;
11) адал продукция - адал продукцияга карата техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына ылайык өндүрүлгөн продукция;
12) адал кызмат көрсөтүүлөр - адал кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылуучу иш.
2-глава. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоонун тартиби
5. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо боюнча иштерди сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдар жүргүзөт.
6. JAKIM (Малайзия), SMIIC (Түркия), Saudi Accreditation Center (Сауд Аравиясы) сыяктуу уюмдардан эл аралык аккредитация алган сертификаттоо боюнча органдар ушул Тартиптин 8-главасына ылайык алар аккредитациялоо чөйрөсүндөгү улуттук талаптарга шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын аккредитациялоо боюнча улуттук органы тарабынан ырасталган шартта Кыргыз Республикасында таанылышы мүмкүн.
7. Сертификаттоо боюнча органдар адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул системаны пайдалануу жөнүндө келишимге кол коюлгандан кийин Мамлекеттик портал аркылуу "адал" шайкештик стандарттарына ылайык сертификаттарды берүү укугун алат.
8. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо процесси өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча ушул Тартипке жана адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген регламентке ылайык Мамлекеттик портал аркылуу жүзөгө ашырылат.
9. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жол-жоболорунан өтүү жана "адал" шайкештик сертификатын алуу үчүн адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары Мамлекеттик портал аркылуу сертификаттоо боюнча органга өтүнмө берет.
3-глава. Өтүнмөнү жана коштоочу документтерди берүүнүн тартиби
10. Өтүнмө ээси уникалдуу идентификациялык маалыматтарды (ИСН же компаниянын каттоо номери) колдонуу менен Мамлекеттик порталга катталат.
11. Катталгандан кийин өтүнмө ээси өзүнүн жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алат, анда өтүнмөлөр берилет жана алардын статусуна мониторинг жүргүзүлөт.
12. Өтүнмөнү Мамлекеттик порталга жиберүүдө төмөнкү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет:
1) техникалык документтердин көчүрмөсү;
2) продукциянын техникалык регламенттерге шайкештигин ырастаган документтин көчүрмөсү;
3) чийки затты жана материалдарды сатып алуу актыларынын көчүрмөсү;
4) сапатты башкаруу системасына сертификаттардын көчүрмөсү;
5) ишкананын иштөөсү жөнүндө ветеринардык корутундунун көчүрмөсү;
6) санитардык-эпидемиологиялык корутундунун көчүрмөсү;
7) ишкананын абалы жөнүндө өрткө каршы көзөмөлдөө кызматынын корутундусунун көчүрмөсү.
13. Өтүнмөгө электрондук кол тамга коюлгандан жана өтүнмөгө Мамлекеттик порталда автоматтык түрдө каттоо номери ыйгарылгандан кийин ал берилди деп эсептелет.
14. Сертификаттоо боюнча орган өтүнмөнү бир жумалык мөөнөттө карайт.
15. Сертификаттоо боюнча органдар өтүнмөнү кароодо Мамлекеттик портал аркылуу кабарлама алат жана зарыл болгон документтердин толуктугун текшерет, анын жыйынтыгы боюнча өтүнмөнү бекитет жана/же толуктап иштеп чыгууга жөнөтөт.
16. Эгерде кандайдыр-бир документтер жок болгон же маалыматтарды тактоо зарыл болгон учурда, сертификаттоо боюнча орган өтүнмө ээсине кошумча маалыматтарды берүү үчүн Мамлекеттик портал аркылуу суроо-талап жөнөтүшү мүмкүн.
17. Алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өтүнмөнү каттоодон баш тартуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) зарыл болгон документтер жок болсо;
2) өтүнмө ээсинде өтүнмө берүү үчүн төлөнгөн акы жок болсо.
4-глава. Өтүнмөнү жактыруунун жана сертификаттоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун тартиби
18. Берилген өтүнмөнүн негизинде сертификаттоо боюнча орган бир айлык мөөнөттө продукцияны даярдоо, берүү, сактоо, таңгактоо жана ташуу процесстеринин "адал" стандарттарына шайкештигин талдоону, ошондой эле продукциянын үлгүлөрүн аккредитацияланган сыноо лабораториясында сыноолорду (зарыл болсо) жүргүзүүнү кошкондо, сертификатталган продукцияны өндүрүүгө аудит жүргүзөт.
19. Адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча сертификаттоо боюнча орган адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарына шайкештиги жөнүндө акт/протокол түзөт.
20. Аудиттин жыйынтыгы терс болгон учурда (адал продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарына шайкеш келбегендиги аныкталса) сертификаттоо боюнча орган "адал" шайкештик сертификатын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
21. Сертификат берүүдөн баш тартылган учурда сертификаттоо боюнча орган өтүнмө ээсине баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен негиздемени жана шайкеш келбөөлөрдү оңдоо боюнча сунуштамаларды берет.
22. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоодо адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү процессинде шариат ченемдерин сактоо маселелери Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен макулдашылат жана тиешелүү стандарттардын жана шариат ченемдеринин талаптарына шайкештикке акт түзүлөт.
23. Аудиттин/экспертизанын бардык этаптарынан өткөндөн кийин сертификаттоо боюнча орган кезектеги текшерүүдөн өтүүдө кийин узартуу мүмкүнчүлүгү менен 1 жылдык мөөнөткө "адал" шайкештик сертификатын берүү жөнүндө өтүнмө боюнча корутундуну даярдайт жана адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Мамлекеттик портал аркылуу кабарлайт.
24. "Адал" шайкештик сертификатынын бланкын түзүү жана берүү жөнүндө акыркы чечимди адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган кабыл алат, андан кийин өтүнмө ээси өзүнүн жеке кабинетинде "адал" сертификатынын бланкын жүктөп алуунун мүмкүн экендиги жөнүндө кабарламаны алат.
25. "Адал" шайкештик сертификаты жана маркалоонун QR-коду адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучусуна бир эле учурда берилет. Өтүнмө ээси өзүнүн продукциясын маркалоо үчүн "адал" сертификатын колдонот, ошондой эле аны өнөктөштөрүнө жана керектөөчүлөргө бере алат.
26. Сертификатталган адал продукция жана кызмат көрсөтүүлөр, жаңы QR-код жөнүндө маалыматтар Мамлекеттик порталдагы Адал индустрия чөйрөсүндөгү катышуучулардын бирдиктүү реестрине автоматтык түрдө кошулат.
27. "Адал" шайкештик сертификатынын бланкынын формасы адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана катталууга тийиш.
28. Өндүрүш процесси же продукциянын курамы өзгөргөн учурда, өтүнмө ээси сертификаттоо боюнча органга кабарлоого жана жаңы "адал" шайкештик сертификатын жана QR-кодду алуу үчүн Мамлекеттик портал аркылуу өтүнмөнү берүү жол-жобосунан кайрадан өтүүгө тийиш.
5-глава. Эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби
29. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жана Мамлекеттик порталда каттоо, маркалоо QR-коддорун берүү боюнча иштер Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашылган жана адал-индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген тарифтердин негизинде жүргүзүлөт.
30. Ушул Тартиптин 24-пунктуна ылайык сертификаттоо боюнча орган төлөө үчүн эсепти Мамлекеттик портал аркылуу түзөт.
31. Өтүнмө ээси Мамлекеттик порталда каралган акы төлөөнүн жеткиликтүү ыкмаларынын тизмегинен өзү каалаган төлөө ыкмасын тандоого укуктуу.
32. Акы төлөө ырасталгандан кийин өтүнмө ээси Мамлекеттик порталдагы жеке кабинети аркылуу акыны төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны жүктөй алат.
33. Эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен регламентке ылайык аныкталат.
6-глава. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү маркалоонун тартиби
34. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жол-жоболору аяктагандан кийин адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Мамлекеттик портал аркылуу продукцияга/кызмат көрсөтүүлөргө "адал" сертификатынын бланкынын уникалдуу номерин жана маркалоонун QR-кодун ыйгарат.
35. Маркалоонун QR-коддору үчүнчү жактарга берилбейт.
36. Өтүнмө ээси "адал" шайкештик сертификатын жана маркалоонун QR-кодун алгандан кийин адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү маркалайт.
37. Маркалоонун QR-коду продукциянын же кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрү үчүн уникалдуу болуп саналат жана шифрленген маалыматты, анын ичинде төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) сертификаттын бланкынын уникалдуу номери;
2) адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучусу жөнүндө маалымат;
3) сертификаттоо боюнча орган жөнүндө маалымат;
4) продукциянын курамы жөнүндө маалымат;
5) сертификат алынган дата жана анын колдонуу мөөнөтү;
6) маркалоодо кошумча маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн.
38. Адал продукцияга же кызмат көрсөтүүгө сертификаттын жарактуулук мөөнөтү аяктаган же ал жокко чыгарылган учурда QR-код автоматтык түрдө жараксыз болот жана бул маалымат Мамлекеттик порталда Адал индустрия чөйрөсүндөгү катышуучулардын бирдиктүү реестринде чагылдырылат.
39. "Адал" стандарттарынын талаптарына шайкештикти сертификаттоодон өтпөгөн продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн этикеткаларын "адал" белгиси менен маркалоого, "мусулман", "халал", "адал", "halal", "حلال" деген жазууларды жазууга жол берилбейт.
40. Продукциянын этикеткаларында "адал" шайкештик белгисинин маркасына окшош жазууларды (сүрөттөр, белгилер, символдор, логотиптер) колдонууга жол берилбейт, анткени бул продукциянын адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарына ылайык өндүрүлгөндүгү жөнүндө сатып алуучуну түз же кыйыр түрдө адаштырышы мүмкүн.
7-глава. Продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо, маркалоо системасынын жүзөгө ашырылышын контролдоо жана мониторинг жүргүзүү
41. Адал индустрия чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) алардын компетенциясынын чегинде контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
42. Адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучуларынын ишине мониторинг жүргүзүшү мүмкүн, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин ченемдерине ылайык тиешелүү чечим кабыл алат.
43. Керектөөчүлөрдөн даттануулар же мүмкүн болуучу бузуулар жөнүндө сигналдар келип түшкөн учурда сертификаттоо боюнча органдар пландан тышкары контролдоону жүргүзөт.
44. Адал индустриясы чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын, сертификаттоо жана маркалоо жол-жоболорун бузган адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
8-глава. Адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө сертификаттарды өлкөлөр ортосунда өз ара таануунун тартиби
45. Эгер адал индустрия чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишим болсо, эл аралык келишимдин экинчи тарабы менен бул чөйрөдөгү өз ара мамилелер ушул эл аралык келишим менен жөнгө салынат.
46. Адал продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештик сертификаттарын өз ара таануу жөнүндө эл аралык келишимдер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) адал продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештик сертификаттарын өз ара таанууну жүзөгө ашырууга адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредитацияланган органдардын тизмегин аныктоо;
2) шайкештик сертификаттарын таануу боюнча талаш-тартыштарды чечүүнүн жол-жоболору;
3) маалыматтарды жана сертификаттоо боюнча органдардын аудитинин натыйжаларын алмашуу боюнча милдеттенмелер;
4) өлкөлөрдө жүгүртүүгө чыгарылган продукциянын өлкөлөрдүн мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкештигин камсыз кылуу;
5) шайкештик сертификаттарын өз ара таануу колдонулуучу продукциянын (топтордун, продукциянын түрлөрүнүн) тизмеги;
6) шайкештик сертификаттарын өз ара таануу колдонулуучу документтерди алмашуу боюнча өлкөлөрдүн милдеттенмелери, ошондой эле аталган документтерге киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар;
7) эгерде бул өлкөлөрдүн сертификаттоо боюнча органдары эл аралык стандарттарга жана OIC/SMIIC/JAKIM/GCC эл аралык уюмдары тарабынан иштелип чыккан талаптарга шайкеш келсе башка өлкөлөргө - Ислам кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнө берилген адал продукцияга шайкештик сертификаттарын таануу жөнүндө өлкөлөрдүн милдеттенмелери.
47. Кыргыз Республикасында адал продукцияга шайкештик сертификаттарын өз ара таануу жол-жобосу өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген регламентке ылайык Кыргыз Республикасынын адал индустриясы чөйрөсүндөгү мамлекеттик порталы аркылуу жүзөгө ашырылат.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 741 токтомуна) |
Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "адал" стандарттарына шайкештигин сертификаттоо, маркалоо системасын жүргүзүүнүн, ишке ашыруунун жана аны өлкөлөр арасында өз ара таануунун ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Өтүнмөнү Мамлекеттик порталга жиберүүдө төмөнкү документтердин өтүнмө ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет: