Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 35
Молдо Нияз айыл аймагындагы өздөштүрүү үчүн берилген жерлердин жылдык төлөнүүчү жер салыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби" жөнүндө токтомуна, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 401-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 8-беренесинин 3-пунктуна ылайык, 2024-жылдын 29-августундагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби" жөнүндө токтомуна, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 401-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 8-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Молдо Нияз айыл аймагындагы өздөштүрүү үчүн берилген жерлерге көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 2024-жылга жер салыгынын базалык өлчөмү 1,0 гектар жер аянтына 172,05 сом деп белгиленсин.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|