Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 36
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы Молдо Нияз муниципалдык ишканасынын ишин жандандыруу жана өнүктүрүү жөнүндө
КР "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын негизинде, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 29.08.2024-жылы өткөн кезектеги отурумунда каралып, Молдо Нияз айыл аймагындагы санитардык абалды жакшыртуу жана муниципалдык ишканасынын ишин жандандыруу максатында, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Молдо Нияз муниципалдык ишканасынын жетекчиси С. Коймуратовдун Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешине 19.08.2024-жылда жазган арызын карап, талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишканасынын ишин жандандыруу үчүн Молдо Нияз айыл аймагындагы тиричилик калдыктарын чыгаруу жана ташып кетүү кызматы Молдо Нияз муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарынын 2024-жылга жылдык төлөмдөрүнүн баасы белгиленсин. (тиркеме тиркелет, 1 баракта)
2. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө мыйзам чегинде аткарууга төмөнкүлөр жүктөлсүн.
- Жарандарга маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин уюштуруу;
- Тиешелүү келишимдерди түзүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын камсыздоо;
- Чогулган каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө;
3. Ушул Токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|