Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

2023-жылдын 27-сентябры № 4/6

Айыл өкмөтүн бюджетине толуктоолорду кийрүү жөнүндө

Айыл өкмөтүн бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү Б. Тасмабек уулунун маалыматын жана бюджет комиссиясынын берген чечимин Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы угуп жана талкуулап

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 

1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин маалыматына ылайык, айыл өкмөттүн бюджетине республикалык бюджет эсебинен максаттуу трансферт менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жыл №490 токтомуна ылайык Кош-Дөбө айыл аймагынын “Башкы планын” түздүрүү үчүн 5508400 сом акча каражаты келип түшкөн. Келип түшкөн акча каражаты Айылдык Кеңештин “Бюджет жана эконмика ” маселелери боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен айыл өкмөттүн чыгашалар планына кийрүү жагы бекитилсин.

 

2. Айыл аймактын “Башкы планын” түздүрүүгө келип түшкөн 5508400 сом акча каражаты айыл өкмөттүн Б-70111 2215 статьясына жайгаштырылсын.

 

3. “Башкы планын” түздүрүүгө келип түшкөн 5508400 сом акча каражатын максаттуу чыгымдап, бардык башкы планга керектүү корутунду, мамлекеттик акт, чек ара сызыктарын жана чектерин, багытын, контрларын, карталарын тактап керектүү кагаз иштерин аныктоого тиешелүү мекеме-ишкана уюмдар менен иш жүргүзүп, келишимдерге ылайык акча каражаты 5508400 сом акча каражатынан төлөнүп берилсин.

 

4. Башкы планды түздүрүүгө тактама, корутундуларын тиешелүү мамлекеттик ишканалар, мекеме-ишкана, уюмдар менен иш алып барып керектүү иш кагаздарын даярдатуу жагы айыл өкмөттүн жер адиси А.Абдырахмановго милдеттендирилсин.

 

5. Республикалык бюджет эсебинен келип түшкөн акча каражатын планга жайгаштыруу үчүн жогорку финансылык органдарга тийиштүү документтерди тактап берүү жагы ФЭБ башчысы Тасмабек уулу Болотбекке милдеттендирилсин.

 

6. Башкы планды түздүрүүгө келип түшкөн акча каражатын айыл өкмөттүн чыгашалар планына жайгаштырып чыгымдоо жагы айыл өкмөттүн ФЭБнө милдеттендирилсин.

 

7. Башкы планды түздүрүүгө тиешелүү мекеме-ишканалардан келишимдин негизинде топтоштурулган мамлекеттик акт, корутундулар, тактамалар, карталардан сырткарды акча каражатын “Башкы планды” түздүрүү үчүн сатып алуулар парталына жайгаштыруу жагы сатып алуулар боюнча башкы адис Маратбек уулу Туратбекке милдеттендирилсин.

 

8. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жана Айылдык Кеңештин “Бюджет жана экономика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Карабаев.