Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 40
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу өздөштүрүү үчүң берилүүчү жердин чектик аянтын 2.0 гектардан ашырбоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү жобого ылайык, 2024-жылдын 29-августундагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясында Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу өздөштүрүү үчүн берилүүчү жер аянты жарандарга жана юридикалык жактарга бөлүнүүчү жер тилкелеринин чектик аянты жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу өздөштүрүү үчүн берилүүчү жер аянты ар бир жаранга жана юридикалык жактарга бөлүнүүчү жер тилкелеринин чектик аянты 2.0 (эки) гектардан ашпоосу бекитилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|