Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIX СЕССИЯСЫНЫН
2024-жылдын 30-августундагы № 217
Улахол айыл аймагындагы курулмаларды, лотокторду, каналдарды жана ички арыктарды Улахол айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Улахол айыл аймагындагы курулмаларды, лотокторду, каналдарды жана ички арыктарды Улахол айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү боюнча айыл чарба, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сугат сууну камсыздоо боюнча курулмалар, лотоктор, каналдар жана ички арыктар айыл өкмөттүн балансына алынсын (Тиркеме).
2. Айыл өкмөткө тиешелүү курулмалар, лотоктор, каналдар жана ички арыктар Тоң райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин (Тиркеме).
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №217 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева