Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 42
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылындагы муниципалдык менчикке катталган үйлөрдү аукцион аркылуу сатууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына негиз, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштүү Кайтпас айылындагы муниципалдык менчикке катталган үйлөрдү аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү боюнча, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына негиз, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайтпас айылындагы муниципалдык менчикке катталган 8021610030619 код номериндеги 3001,0 м.кв, 8021610030393 код номериндеги 3448,0 м.кв жана 8021610030613 код номериндеги 1700,0 м.кв үйлөрдү аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|