Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 43
Молдо Нияз айыл аймагындагы жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган окуучуну акчалай сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен Молдо Нияз айыл аймагындагы мектептерден эң жогорку балл алган окуучулардын билим деңгээлин жана жетишкендигин белгилөө жана айыл аймагынын жаштарын билимге кызыктыруу жана мотивация берүү максатында, ошондой эле Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-августундагы сунушун угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Алтын тамга алган окуучуга 100 000 ( жүз миң) сом анын ичинен 25% окуткан мугалимине;
- 200 балл, жана андан жогору балл алган окуучуга 75 000 ( жетимиш беш миң) сом анын ичинен 25% окуткан мугалимине;
- 180 балл ,жана андан жогору балл алган окуучуга 25 000( жыйырма беш миң) сом анын ичинен 25% окуткан мугалимине;
- 160 балл жана андан жогору балл алган окуучуга 15 000 ( он беш миң ) сом анын ичинен 25% окуткан мугалимине;
3. Сыйлыкты берүү тартиби Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен
каражат бөлүнүп, тиешелүү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылсын.
4. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн жетекчиси Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|