Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIX СЕССИЯСЫНЫН
2024-жылдын 30-августундагы № 218
Кара-Шаар айылынын “Каракоо” участогунан 0,60 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Кара-Шаар айылындагы “Каракоо” участогунан 0,60 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана категориясын которууга макулдук берүү боюнча айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шаар айылынын “Каракоо” участогундагы №319 контурда жайгашкан 0,60 га айыл чарба багытындагы жайыт жер аянты муниципалдык менчикке алууга жана өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №218 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева