Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 44
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы Бостон көчөсүндө курулган тротуардын сапаты жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы Бостон көчөсүндө курулган тротуардын сапаты боюнча 2024-жылдын 29-августундагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясында талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Р. Арынованын сунуш-пикирлерин эске алып, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бостон көчөсүндөгү тротуардын сапаты, жарандардын коопсуздугу жана жолдун аянты боюнча айтылган сунуш-пикирлер жактырылсын, иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн комиссия курамы түзүлсүн.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|