Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 45
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы А. Жамалов көчөсүнүн 660м аралыгын капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы А. Жамалов көчөсүнүн 660м аралыгын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча даярдалган долбоорду райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна сунушталып жаткандыгы жана долбоордун жалпы сметалык баасынан 15% өлчөмү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы А. Жамалов көчөсүнүн 660м аралыгын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн өздүк салымы долбоордун жалпы сметалык баасынан 15% өлчөмү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М Досановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|