Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 05-июну №13/5
Бириктирилген Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын 24.04.2024-жылдагы №1 токтомун кароо жөнүндө
Бириктирилген Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын «2023-жылга карата Казан-Куйган айыл аймагындагы ички тартип эрежелерин киргизүү жөнүндө» 2023-жылдын 24-апрелиндеги №1 токтомун жана «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 03-июнундагы №17 сандуу катын карап жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириктирилген Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын «2023-жылга карата Казан-Куйган айыл аймагындагы ички тартип эрежелерин киргизүү жөнүндө» 2023-жылдын 24-апрелиндеги №1 токтомунун 6-пунктусу «Сугарылган 1 га жер үчүн айыл тургундары тарабынан 500 сомдон берилсин» талабы аткарууга алынсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Миназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |