Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIX СЕССИЯСЫНЫН
2024-жылдын 30-августундагы № 220
Туристтик мезгилде сезондук пайдаланууга берүүнүн пайдалануу акысын бекитип берүү жөнүндө
-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Улахол айыл аймагында жайкы туристтик мезгилде убактылуу пайдаланууга берилүү жер аянттарынын пайдалануу акысын бекитип берүү боюнча айыл чарба, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы жана мамлекеттик менчикте турган жерлерин жайкы туристтик мезгилде сезондук пайдаланууга берүүдө пайдалануу акысы 10 м2 ка 1000 (миң) сом өлчөмүндө бекитилип берилсин.
2. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №220 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева