Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-декабры № 727
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 554 "Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 231-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 554 "Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартибинде:
- 2-пункттун экинчи абзацында "био ар түрдүүлүктү" деген сөздөр "биологиялык түрдүүлүктү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик менчикте турган жерлер пландалган микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын аймагына кирген учурда көрсөтүлгөн жерлер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталган микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүүгө макулдук берүү жөнүндө чечимин алуу талап кылынат.";
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жергиликтүү кеңештин аталган чечиминде аныкталган микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жана түзүлгөн микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу жана уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аймагындагы экосистемаларды (алардын участокторун) сактоо үчүн мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эгерде пландалган микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын аймагы бир нече айыл аймагынын жана/же шаардын муниципалдык менчигинде турган аймактарды (жер участокторун) камтыса, анда мындай микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештердин сессияларында кабыл алынат. Бул чечимдер менен ошондой эле микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө жобо да бекитилет.
Жергиликтүү кеңештердин бул чечимдеринде аныкталган микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жана түзүлгөн микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чараларды уюштуруу жана ишке ашыруу муниципалдык түзүлүштөр ортосундагы кызматташуунун негизинде тиешелүү аймактагы экосистемаларды (алардын участокторун) сактоо үчүн мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ошол эле учурда микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги ӨКЖА аймагы боюнча райондор аралык жана/же облустар аралык боло албайт.";
- 7-пунктта "же райондук" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- пландалган микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА боюнча зоналарга бөлүүнү эске алуу менен чектерин баяндоо жана картографиялык материалдар;";
- 15-пункттун биринчи абзацында "же райондук" деген сөздөр алып салынсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Тиркелген негиздемеси, адистештирилген илимий мекеменин жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын тиешелүү оң корутундулары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү жактыруусу, микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө жобонун долбоору менен сунуш (демилге) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык тиешелүү жергиликтүү кеңештин кароосуна мыйзамдарда белгиленген тартипте киргизилет.";
- 17-пунктта "же райондук" деген сөздөр алып салынсын;
- 18-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. ЖӨБдүн тиешелүү аткаруу органы жергиликтүү кеңештин микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жөнүндө чечимин алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жана түзүлгөн микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт жана микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө чечимдин жана жобонун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн төмөнкүлөргө жөнөтөт:";
- 19-пункттун онунчу жана он биринчи абзацтарында "же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын" деген сөздөр алып салынсын;
- 20-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Микрокоруктардын бүткүл аймагы коргоо режиминин аспектинде мамлекеттик жаратылыш коругунун өзөк зонасына (негизги зонага) теңдеш турат.";
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Жергиликтүү маанидеги ӨКЖАда төмөнкүдөй эки функциялык зона бөлүнүп турат:
- өзөк зонасы (негизги зона);
- туристтик жана рекреациялык иш зонасы.
Жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын жалпы аянтынын 70%ынан кем эмес өлчөмдө аныкталуучу жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын өзөк зонасында мамлекеттик жаратылыш коруктары үчүн каралган режим белгиленет.
Жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын туристтик жана рекреациялык иш зонасында:
1) жаратылыш ресурстарынын абалына зыян келтирүүнү болтурбоо менен жүзөгө ашырылуучу иштин төмөнкүдөй айрым түрлөрүнө уруксат берилет:
мамлекеттик жаратылыш коруктары үчүн уруксат берилгендерге окшош иштин түрлөрү;
бузулган жаратылыш комплекстерин жана объекттерин калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
экологиялык туризм жана ага байланышкан жөнгө салынуучу рекреациялык иш (анын ичинде туристтик маршруттарды, чыйыр жолдорду уюштуруу, рекреациялык жүктөмдөрдүн ченемдерин эске алуу менен бивактык токтоо жайларын жана кароочу аянтчаларды уюштуруу);
административдик-чарбалык багыттагы объекттерди жайгаштыруу, жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны коргоону жана анын иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чарбалык иштерди жүргүзүү, келүүчүлөрдү тейлөө;
2) төмөнкүлөргө тыюу салынат:
дары сырьёсун, мөмөлөрдүн, жемиштердин жана гүлдөрдүн жок болуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүн чогултууга;
жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга, кармоого, уяларды, жапайы жаныбарлардын ийиндерин, башка баш калкалоочу жайларын жана жашаган жайларын бузууга, ошондой эле канаттуулардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн жумурткаларын чогултууга;
өсүмдүктөрдүн, козу карындардын жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн/түркүмдөрүн, башкача айтканда бөтөн жерлик, мурда тиешелүү кадастрдык бөлүүнүн аймагында катталбаган же ага карата жарыяланган өзгөртүүлөрдү эске алуу менен акклиматизациялоого (киргизүүгө, интродукциялоого);
өндүрүштүк объекттерди курууга жана эксплуатациялоого;
пайдалуу кендерди чалгындоого жана иштетүүгө;
жаратылыш ресурстарына зыян келтирүүчү, жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин абалына коркунуч келтирүүчү жана корголуучу аймактын табигый, илимий, маданий жана эстетикалык маанисинин төмөндөшүнө алып келүүчү чарбалык жана башка иштин башка түрлөрүнө.";
- 22-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, айрым түрлөрдүн санын талап кылынган жөнгө салууну жүзөгө ашыруу, белгилөө үчүн жапайы жаныбарларды кармоо, ошондой эле аларга мүнөздүү башка аймактарга жайгаштыруу максатында белгиленген тартипте тиешелүү уруксаттарды алууда жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын туристтик жана рекреациялык иш зонасында жапайы айбанаттарды жана канаттууларды кармоого жана атууга жол берилет.";
- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин ЖӨБдүн аткаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын аймагында жайгашкан микрокоруктардын жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөөсү жөнүндө отчетторду аны менен макулдашылган форма боюнча берет.";
- 29-пунктта "же райондук" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 06-декабрындагы № 94 (3649) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |