Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 10 - сессиясынын
2022-жылдын 30-апрели № 11
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартындагы № 16 сандуу катынын негизинде, Катта-Тал айылынын тургуну Жалолов Эркинжондин жеке менчигиндеги 800 чарчы метр жер аянттын багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартындагы № 16 сандуу катында, Катта-Тал айылынын тургуну Жалолов Эркинжондин жеке менчигиндеги 800 чарчы метр жер аянттын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени үйрөнүп чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негизжана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктунаылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылынын тургуну Жалолов Эркинжондин жеке менчигиндеги короонун курулуш имаратына тиешелуу 800 чарчы метр жер аянтын багытын, турак-жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |