Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 46
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы Т.Тургунов атындагы орто мектебинин капиталдык оңдоого Кыргыз Республикасынын Үлүштүк дем берүүчү грантына даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы Т.Тургунов атындагы орто мектебинин капиталдык оңдоого Кыргыз Республикасынын Үлүштүк дем берүүчү грантына даярдалган долбоорду сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы Т.Тургунов атындагы орто мектебинин капиталдык оңдоодон КР Үлүштүк дем берүүчү гранты менен каржыланып жаткан долбоорго Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 702 333 (жети жүз эки миң үч жүз оттуз үч ) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|