Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2023-жылдын 27-июлу № 2/2

Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана жаратылыш жер ресурстарын пайдалануунун курчап турган чөйрөнү коргоодогу жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө

Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана жаратылыш жер ресурстарын пайдалануунун курчап турган чөйрөнү коргоодогу жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндөгү жер адиси А.Абдырахмановдун маалыматын жана жер комитетинин чечимин Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана жаратылыш жер ресурстарын пайдалануунун курчап турган чөйрөнү коргоодогу жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндөгү жер адиси А.Абдырахмановдун берген билдирүүсү канаатандырарлык деп белгиленсин.

 

2. Жаратылыш жер ресурстарын пайдалануу жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мыйзам чегинде иш алып барылсын.

 

3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн

 

Төрага:

К.Карабаев.