КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2023-жылдын 27-июлу № 2/3
Айыл аймагындагы салыктардын түрлөрү жана алты ай аралыгында чогултулган акча каражаты жөнүндө
Айыл аймагындагы салыктардын түрлөрү жана алты ай аралыгында чогултулган акча каражаты боюнча салыкчы К.Шатмановдун берген маалыматын жана бюджет комиссиясынын берген чечимин Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагындагы салыктардын түрлөрү жана чогултулган акча каражаты боюнча салыкчы К.Шатмановдун жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Лиценцияны кармап туруу боюнча салыктын түрүн толтуруунун үстүндө иш алып баруу жана айыл Өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүн кошумча булактарды таап көбөйтүү жагы айыл Өкмөттүн салык кызматкерине жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев. |