Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-ноябры № 2559-VII
"Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалын уюштуруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат.
1. "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы уюштурулсун.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалынын сыпаттамасы 2-тиркемеге ылайык;
- "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн"" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалынын үлгүсү жана схемалык сүрөттөрү 3 жана 4-тиркемелерге ылайык;
- "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалынын ырастамасынын сыпаттамасы 5-тиркемеге ылайык;
- "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалынын ырастамасынын үлгүсү жана схемалык сүрөттөрү 6-тиркемеге ылайык;
- "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалынын сыйлоо барагынын үлгүсү 7-тиркемеге ылайык.
3. "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалын даярдоо, эсепке алуу жана сактоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын финансылык-чарбалык ишти тескөөчү орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 2559 токтомунун 2-тиркемеси |
"Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалынын СЫПАТТАМАСЫ
"Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы (мындан ары - медаль) металл эритмесинен - гарттан, куйма ыкмасы менен жасалып, алтын түстөгү гальваникалык эритме менен капталган. Томпок бөлүктөрү жалтырак эмес, фону жалтырак.
Медаль 2 бөлүктөн: медаль илгичтен жана калыптан турат.
Көк түстөгү калыптын узундугу 32,5 мм, бийиктиги 19,5 мм, үстү эпоксиддик лак менен капталган, анын төмөнкү бөлүгүндө 32,5 мм өлчөмүндөгү алтын түстүү, көлөмдүү улуттук оймо түшүрүлгөн.
Медаль диаметри 40 мм болгон стилдешкен он эки бурчтуу жылдыз формасында, анын үстүндө улуттук оймо менен кырлуу алты шоола кезектешип жайгашкан.
Медалдын ортосунда 3 тегерекче жайгашып, үстү эпоксиддик лак менен капталган, биринчи тегерекчеде кочкул көк фондо алтын түстө мамлекеттик тилде "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ" деген тегерек жазуу бар, анын төмөнкү бөлүгүндө алтын түстүү улуттук оймо жайгашкан, экинчи тегерекче алтын түстүү фондо, үчүнчү (борбордук) тегерекчеде кочкул көк фондо алтын түстө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин логотиби түшүрүлгөн.
Медаль шакекченин жардамы менен металл калыпка бекитилет, калыптын төөнөгүчү бар.
Медаль Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин логотибинин алтын түстөгү сүрөтү түшүрүлгөн кочкул көк баркыт менен капталган картон кутуга салынган. Медаль ырастама менен кошо берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 2559 токтомунун 3-тиркемеси |
"Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалынын ҮЛГҮСҮ ЖАНА СХЕМАЛЫК СҮРӨТТӨРҮ
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 2559 токтомунун 4-тиркемеси |
3 жана 4-тиркемелердин графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 2559 токтомунун 5-тиркемеси |
"Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалынын ырастамасынын СЫПАТТАМАСЫ
"Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалынын ырастамасы кочкул көк түстөгү китепче түрүндө. Китепченин бүктөлгөн өлчөмү 85х105 мм.
Ырастаманын алкагы кагаз винилден жасалган. Ырастаманын мукабасынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин логотиби алтын түстө түшүрүлгөн, анын астында баш тамгалар менен мамлекеттик тилде алтын түстөгү "ЫРАСТАМА" деген жазуу бар.
Ырастаманын ички бети жумшак көк түстөгү тоолордун сүрөтү жана оймо түшүрүлгөн жарым жалтырак ак кагаздан жасалган.
Ырастаманы ачканда анын сол жагында ортодо медалдын аталышы жазылган түстүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Ырастаманы ачканда анын оң жагында жогору жагында кочкул кек түстөгү фондо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин логотиби, ылдыйында сыйланган адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүүчү саптар бар.
Андан кийин тескеменин датасы, номери жана медалдын аталышы мамлекеттик тилде көрсөтүлөт.
Төмөнкү сол бурчта мамлекеттик тилде "Төрага" деген сөз, ушул сапка параллелдүү оң бурчта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын аты-жөнү жазылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кол тамгасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тегерек гербдүү мөөрү (кызыл түстөгү из) менен бекитилет.
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 2559 токтомунун 6-тиркемеси |
"Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалынын ырастамасынын ҮЛГҮСҮ ЖАНА СХЕМАЛЫК СҮРӨТТӨРҮ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 2559 токтомунун 7-тиркемеси |
СЫЙЛОО БАРАГЫ
1. Сыйлыкка көрсөтүлгөн адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты:
_____________________________________________________________________________________
2. Кызмат орду, иштеген жери, кызмат өтөгөн жери (так аталышы көрсөтүлөт):
_____________________________________________________________________________________
3. Туулган жылы: ______________________________________________________________________
4. Улуту: _____________________________________________________________________________
5. Билими (эмнени, каякта жана качан бүтүргөн): ___________________________________________
_____________________________________________________________________________________
6. Илимий даражасы, илимий наамы, атайын наамы, класстык чени:
_____________________________________________________________________________________
7. Жалпы иш стажы: жыл, анын ичинде:
7.1. Бул жамааттагы иш стажы: _____________ жыл;
7.2. Бул кызмат ордунда: _____________ жыл.
8. Мамлекеттик жана башка сыйлыктары:
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(сыйлыктын аталышы, сыйлоо датасы)
9. Сыйлоого көрсөтүү үчүн өзгөчө сиңирген эмгеги, кыскача мүнөздөмөсү
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
10. Сыйлоого көрсөтүлөт: _______________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
11. Сыйлоо жөнүндө төмөнкүдөй чечим кабыл алынды: _____________________________________
_____________________________________________________________________________________
(сунуштаган органдын аталышы)
20___-ж. "___" _______________ № ___________ протокол
"Макулдашылды"
Жетекчи | ____________________________________________ (аты-жөнү) | _____________________________ (колу) |
|
|
|
20___-ж. "___" _______________ | М.О. | |