Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2024-жылдын 27-ноябры № 2582-VII
"Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге жана ишкерлерге кредиттин берилиши жөнүндө маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 2278-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге жана ишкерлерге кредиттин берилиши жөнүндө маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 2278-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү 2025-жылдын 27-февралына чейин узартылсын.
2. "Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге жана ишкерлерге кредиттин берилиши жөнүндө маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 2278-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункттагы "үч айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2025-жылдын 27-февралына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |