Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 55
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы “Гүлдесте” балдар бакчасынын кошумча имаратын куруу үчүн долбоорго айыл өкмөтүнүн өздүк салымы жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы “Гүлдесте” балдар бакчасынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана айыл ичиндеги социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун сунушун угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы “Гүлдесте” балдар бакчасынын 2025-жылы кошумча имаратын курууга, айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 1 073 027 (бир миллион жетимиш үч миң жыйырма жети) сом өлчөмүндөгү каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнсүн.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|