Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 58
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы ФАП куруу үчүн райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылына ФАП куруу үчүн райондук, областык өнүктүрүү фонддоруна сунушталып жаткан долбоорго, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары долбоордун жалпы сметалык баасынан 15% өлчөмү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен бөлүп берүү жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы ФАПтын (фельдшер-акушердик пункт) имаратын куруу үчүн КР Үлүштүк дем берүүчү гранты менен каржыланып жаткан долбоорго, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары долбоордун жалпы сметалык баасынан 15% өлчөмү айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнсүн.
2. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|