Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 58
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу караштуу Умай-Эне айылындагы М. Миталипов атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу долбооруна айыл өкмөтүнүн өздүк салымы жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Умай-Эне айылындагы М. Миталипов атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу боюнча долбоорго айыл өкмөтүнүн салымын камсыздоо максатындагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун сунушун угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Умай-Эне айылындагы М. Миталипов атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу боюнча Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары долбоордун жалпы сметалык баасынан 15% өлчөмү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|