Загрузка документа…
2024-жылдын 29-августу № 63
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылындагы Кыргызстан көчөсүнүн 1 км аралыгын капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылындагы Кыргызстан көчөсүнүн 1 км аралыгын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча маселени 2024-жылдын 29-августундагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясында талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылындагы Кыргызстан көчөсүнүн 1 км аралыгын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн өздүк салымы долбоордун жалпы сметалык баасынан 15% өлчөмү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М Досановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|