Загрузка документа…
2024-жылдын 29-августу № 64
2024-2025-2026-жылдарга Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 “2024-2025-2026-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы” жөнүндөгү Жарлыгынын ишке ашыруудагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү максатында Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасында кабыл алган иш-чараларынын планы жактырылсын.
3. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|