Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын III уюштуруу сессиясынын
2024-жылдын 28-ноябры №02
“Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Токтогул шаардык кенешинин төрагасынын орун басарына сунушталган талапкерлерди ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматты угуп, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын III уюштуруу сессиясы токтом кылат:
1) «Эл Үмүтү» саясий партиясынан депутат Жапарова Жеңишгүл Молдокеримовна;
2) «Бирге-Вместе» саясий партиясынан депутат Асылбеков Урматбек Айтмурзаевич Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп шайланышкандыгы белгиленсин.
2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
Төрага: |
С.Т.Кылданов |