Загрузка документа…
2024-жылдын 29-августу № 65
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Торговый-Кайтпас унаа жолунуна 2,5 км аралыкка тротуар куруу жана жарыктандырууну орнотуу жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Торговый-Кайтпас унаа жолунун жээгине 2,5 км аралыкка тротуар куруу жана жарыктандыруу орнотуу үчүнрайондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорду сунушталып жаткандыгы жана долбоордун жалпы сметалык баасынан 15% өлчөмү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Торговый-Кайтпас унаа жолунун жээгине 2,5 км аралыкка тротуар куруу жана жарыктандырууну орнотуу үчүнрайондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна сунушталып жаткан долбоорго Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары долбоордун жалпы сметалык наркынын 15% өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|