Загрузка документа…
2024-жылдын 29-августу № 70
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылына тигүү цех куруу үчүн райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн өздүк салымы жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылына тигүү цех куруу үчүн райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоордун жалпы сметалык баасынан хэ5% өлчөмү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылына тигүү цех куруу үчүн райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорго Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары долбоордун жалпы сметалык баасынан 15% өлчөмү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|