Редакцияот 02.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2023-жылдын 2-ноябры № 3/1

Таза-Суу жана комуналдык обьектилер жана Айылдарды көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

Таза-Суу жана комуналдык обьектилер жана Айылдарды көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Н.Исабековдун берген маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.  Таза-Суу жана комуналдык обьектилер жана Айылдарды көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Н.Исабековдун жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Айыл аймакты социалдык тармакты өнүктүрүү боюнча иш алып баруу, мекеме уюмдардын кышка карата даярдыгы жана калкты социалдык жактан тейлөө боюнча аткарылып жаткан иштерди көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Н.Исабековго жүктөлсүн.

 

3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана мыйзамдуулук менен социалдык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Карабаев.