Загрузка документа…
2024-жылдын 29-августу № 82
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылындагы 900 чарчы метр жер аянтына суу кудук (скважина) куруу үчүн Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Совет айылындагы 900 чарчы метр жер аянтына суу кудук (скважина) куруу үчүн Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоо жөнүндөгү 23.08.2024-жылдагы №01-05/616 сандуу чыгышталган сунушун угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылындагы 900 чарчы метр жер аянтына суу кудук (скважина) куруу үчүн Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|