Загрузка документа…
2024-жылдын 29-августу № 86
Молдо Нияз айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын дарылануусу үчүн акчалай көмөк көрсөтүүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн, жергиликтүү бюджеттен берилүүчү акчалай көмөк көрсөтүүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын дарылануусу үчүн жергиликтүү бюджеттен 15 000 (он беш миң) сомго чейин акчалай көмөк көрсөтүүнүн өлчөмү бекитилсин.
2. Бул токтомдо көрсөтүлгөн акчалай көмөктү мыйзам чегинде берүү, критерийлерин жана тартибин иштеп чыгуу үчүн, атайын комиссия түзүлсүн.
3. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|