МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ
(VII ШАЙЛАНГАН) XXVI-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 26-январы № 158
«Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылындагы №10 Келечек көчөсүнө Меңишов Кожо агайдын ысымын коюу жөнүндө»
Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын тургуну Меңишов Бактыбектин арызынын негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылындагы №10 - Келечек көчөсүнө Меңишов Кожо агайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Социализм айылындагы Меңишов Кожо агай атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Меңишов Кожо агайдын балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |