Редакцияот 02.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2023-жылдын 2-ноябры № 3/4

Калкты социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө

Калкты социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча соц.адиси Т.Эшалиевдин маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Калкты социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча соц.адиси Т.Эшалиевдин берген маалыматы канаатандырарлык деп табылсын.

 

2. Калкты социалдык жактан тейлөө (пенсия, жөлөк пулдар) боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, токтомдоруна ылайык иш алып баруу жагы соц.адиси Т.Эшалиевге жүктөлсүн.

 

3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетине жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Карабаев.