МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ
(VII ШАЙЛАНГАН) XXVI-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 26-январы № 159
«Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылындагы аты көчөгө Маматкаримов Нуркамилдин ысымын коюу жөнүндө»
Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын тургуну Маматкаримов Таалайдын арызынын негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылындагы аты жок көчөгө Маматкаримов Нуркамилдин ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Социализм айылындагы Маматкаримов Нуркамил атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Маматкаримов Нуркамилдин балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |