Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры № 205
Сүлүктү шаардык кеӊешинин XXIV сессиясынын 05.04.2023ж. №103 токтому менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби” жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 05.09.2024ж. №01-7/2445 сандагы Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү” жөнүндө типтүү жобосунун 8-бөлүмүнө толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү каты боюнча угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34 беренелеринин, 2009-жылдын 20-июлу №241 ”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Муниципалдык менчик мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимин ишке ашыруунун алкагында жеке ишкердик өнөктөш жана/же долбоордук компанияга берилсе”
- “Муниципалдык менчик Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун ортосундагы “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ири долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) жана Сүлүктү шаарынын 2024-жылдагы макулдашуусунун алкагында белгиленген тартипте тандалган Бизнес-өнөктөшкө берилет
Төрага
| М.А. Кутбидинов |