КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2023-жылдын 2-ноябры № 3/7
Кош-Дөбө Тазалык муниципалдык ишканасынын өз эсебиндеги акча каражатына айыл аймактын көчөлөрүн шагылдоого макулдук берүү жөнүндө
Кош-Дөбө Тазалык муниципалдык ишканасынын өз эсебиндеги акча каражатына айыл аймактын көчөлөрүн шагылдоого макулдук берүү жөнүндө З.Айтмаматовдун сунуш билдирүүсун Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө Тазалык муниципалдык ишканасынын өз эсебиндеги акча каражатына айыл аймактын көчөлөрүн шагылдоого макулдук берилсин.
2. Шагыл төшөөгө зарыл болгон көчөлөрдү тактап шагыл төшөтүү жагы айыл өкмөт башчы Ч.Кадыркуловго жүктөлсүн.
3. Айыл аймактын ички көчөлөрүн шагылдоого айыл өкмөт тарабынан атайын комиссия түзүлүп, комиссия курамына ар бир айылдын депутаттары киргизилсин.
4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетине жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев. |