Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-сентябры № 209
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесине кошумча жетектөөчү адис кызмат ордун ачууга макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесине кошумча жетектөөчү адис кызмат ордун ачууга макулдук берүү жөнүндөгү 05.09.2024ж. №01-7/68 сандагы каты боюнча Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренелеринин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесине кошумча жетектөөчү адис кызмат ордун ачууга макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
| М.А. Кутбидинов |