Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 11-сентябры № 210
Сүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардагы айыл чарбасына багытталбаган жерлерди пайдалангандыгы учун 2025-2026-2027-жылдарга зоналдык Кз коэффициентин
бекитуу жөнүндө
Сүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардагы айыл чарбасына багытталбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн 2025-2026-2027-жылдарга зоналдык Кз коэффициентинин чени жөнүндө шаардык кеӊештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн, сунуштарын угуп жана талкуулап салык Кодексинин 404-беренесинин 4-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 беренесинин 4-пунктунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Сүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардагы айыл чарбасына багытталбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн 2025-2026-2027-жылдарга зоналдык Кз кокэффициентинин чени 1,2 өлчөмүндө бекитилсин
2.Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
| М.А. Кутбидинов |